Министрлердин чет өлкөгө сапарлары пайдасыз болуп жатканы тууралуу сын айтылды
2024-жылы 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Мындан улам кыргыз өкмөтү учурда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдерин карап жатат. Анын ичинде айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралууда. Бул тууралуу администрациядагы президенттин жана өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов коллегиялык жыйында билдирди. Жыйында мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүлүп, чет элдик иш сапарларга кеткен чыгашаларды оптималдаштыруу маселесине көңүл бурулганын өкмөттүн басма сөз кызматы 21-февралда кабарлады.
Осмонов бул багыттагы баяндамасында чет өлкөлүк иш сапарларды уюштуруудагы бир катар олуттуу кемчиликтерди белгиледи.
"2024-жылдын аягына карата 53 жетекчи дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Учурда мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдери каралып жатат, анын ичинде айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралууда", - деп билдирген Азамат Осмонов.
Осмонов алдын ала талдоонун жыйынтыгына таянып, жетекчилердин чет өлкөгө жасаган сапарлары өлкөгө сезилерлик пайда алып келбей жатканын жана бюджетке олуттуу чыгым кылганын белгилеген.
Ал орунсуз жана айрым мекемелерге тиешеси жок иш-сапарларга уруксат берилбегенин кошумчалады.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаеванын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары сынга кабылды.
"Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 2024-жылы жалпысынан 32 жумушчу күндүн ичинде 10 эл аралык сапарга чыккан. Тактап айтканда, Австрияга 8 күндүк иш сапары болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жана кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча эч кандай конкреттүү жыйынтык болгон эмес. “Келечек үчүн билим берүүгө” 200 миллион долларды тартуу маселеси дагы деле талкууда. Министрдин 2024-жылдын май айында Улуу Британияга сапарында 400 миң доллар окуу китептерине жана министрликке кошумча каржылоо тартуу максаты ишке ашкан эмес", - деп белгиледи Азамат Осмонов.
Догдургүл Кендирабева президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-жылы сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.
Былтыр ноябрда Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, анын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага, министрликтин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага сөгүш берилген. Буга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы негиз болгону белгиленген. (КЕ)