Министр Кендирбаевага эскертүү берилип, орун басары кызматтан алынды
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага жана анын биринчи орун басары Бекжан Супаналиевге сөгүш, дагы бир орун басары Лира Самыкбаевага катуу сөгүш берилди. Министрдин дагы бир орун басары Расул Абазбек уулу кызматынан бошотулду. Буга жеке жогорку медициналык окуу жайларга көзөмөлсүз лицензияларды берүү, аккредитациялоо процессин көзөмөлсүз калтыруу, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдардын талаптарын аткарбоо жана уруксатсыз чет өлкөгө чыгуулар, министрликтин иш планынын начар аткарылышы себеп болгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-февралдагы өкмөттүн жыйынында билдирди.
Мындан сырткары министрликтин бир нече кызматкерлерине катуу сөгүш берилип, айрымдарын кызматтан алуу сунушталды.
Мындан сырткары Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев кызматтан алынды.
Өкмөттүн коллегиясында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев катуу сөгүш алды. Мындан сырткары дээрлик бардык министрлердин орун басарларына сөгүш берилди. Касымалиевдин белгилешинче, буга алардын кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы, негизсиз иш сапарларга чыгуусу, ишти тиешелүү деңгээле алып барбаганы себеп болгон.
Министрлер кабинети 2024-2025-жаңы окуу жылына карата Кыргызстанда билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтому менен мектеп-гимназия жана мектеп-лицейлерди жалпы билим берүүчү окуу жай деп өзгөрткөн.
Өзгөртүүлөр Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана бардык мектептердин окуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатын көздөй турганы айтылган.
Парламентте айрым депутаттар 2023-жылдын октябрынан бери Кендирбаева башкарып келаткан министрликтин ишин сынга алып, билим берүү системасы талкаланып жатканын белгилешкен.
Расул Абазбек уулу министрдин орун басары болуп 2022-жылы мартта дайындалган. (КЕ)