Президент 2035-жылга тышкы карыз график менен төлөнүп бүтөрүн айтты
Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” маалымат агенттигине берген соңку маегинде тышкы карыз маселесине да токтолду.
Агенттик президенттин "тышкы карыз 7 миллиард долларга жетип калганы тууралуу соцтармактардагы маалыматтарга карата" пикирин сураган. Жапаров ал маалымат жалган экенин айтып, "тышкы карыз 4,5 миллиард доллар бойдон турат" деп жооп кайтарган.
"Бул маалыматты айрым ишсиз калган же качып жүргөн саясатчылар бийликти элге жаманатты кылып көрсөтүү үчүн таратып жатышат. Биз азыр сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени 2020-жылы бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегереги эле. Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты. Бүгүн алтын валюта резервибиз 6 миллиард долларга жакын болуп турат. 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегереги эле", - деген Жапаров ушул тапта Улуттук банкта 60 тоннага жакын алтын кору бар экенин кошумчалады:
"Бул көрсөткүч 2020-жылы 16 тонна болчу. Депутат Балбак Түлөбаев айткандай, бүгүн тышкы карызыбызды бир күндө төлөп койсок болот. Күчүбүз жетет. Бирок буга чейинки маектеримде айтканымдай, бир күндө төлөп коюш бизге пайдасыз экен. Себеби кредитти алып жатканда 30-40 жылга чейин 2% (пайыз) менен алыптырбыз. Келишимдин эрежесине ылайык, эгер убагынан эрте төлөй турган болсок, анда үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп кол коюлган экен. 2035-жылга чейин негизги тышкы карызыбызды график менен эле төлөп бүтөбүз. Ошондуктан тышкы карыздарыбыз бизге көйгөй эмес. Ички карыздарыбыз болсо сом менен төлөнөт. Ички карыздар бизге коркунуч жаратпайт. Алардан кутулуунун жолдору толтура. Экономист, финансисттер жакшы билишет", - деген пикирин айткан.
Президент соңку маегинде тышкы карыз тууралуу кимдер маалымат таратканын айткан эмес.
Финансы министрлигинин 2024-жылы 30-сентябрда берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617 млн долларга жеткен. Анын ичинен тышкы карыз 4 млрд 526,34 млн доллар, ички карыз 2 млрд 54,66 млн доллар.
Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - 1,658 млрд доллары Кытайдын Эксимбанкына таандык. Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдү тышкы карызын Жашыл климатты колдоо багытында кечүүгө чакырып келет. Буга байланыштуу Германия 15 млн евро, Түркия 59 млн доллар карызды кечкен. (TSh)