Абактагы журналист коркутууга кабылганы айтылды, ЖАК аны четке какты
Иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жубайы, Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин жазды. ЖАК мындай маалыматты төгүндөп, анын өмүрүнө коркунуч жок экенин айтууда.