Бразилиянын экс-президенти Болсонаруга расмий айып тагылды
Бразилиянын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Жаир Болсонаруга 2022-жылдагы шайлоодон кийин "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген айып такты.
Башкы прокурор Паулу Гонет 19-февралда билдиргендей, Болсонару шайлоодон кийинки козголоңчулардын аракети тууралуу кабардар болгон жана аларды токтоткон эмес.
Тергөөнүн версиясына караганда, Бразилиядагы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине болжол менен 33 адам катышкан. Алар шайлоодо жеңген Лула да Силваны жана вице-президент Жералд Алкминди уулантуу максатын көздөгөнү маалымдалды.
"Кылмыштуу топтун мүчөлөрү президенттик сарайда бийлик системасын жана демократиялык тартипти бузуу максатында кол салуунун планын уюштурушкан. Ал план "Сары жана жашыл канжар" деп аталган", - деп жазылды Гонеттин баяндамасында.
Документ 800 барактан турат. Эми аны өлкөнүн Жогорку соту карап чыгыш керек. Болсонару өзүнө тагылган дооматтардын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгына айланганын айтууда.
Болсонару Бразилияны 2019-2023-жылдары жетектеген. COVID-19 пандемиясы маалында ал көйгөйдүн олуттуулугун четке кагып, карантин киргизүүдөн көпкө чейин баш тартканы менен белгилүү.
2022-жылкы шайлоодо утулуп калгандан кийин ал жеңилгенин мойнуна алган эмес. Болсонарунун тарапташтары ири демонстрацияга чыгып, ал башаламандык менен аяктаган. Мурдагы президентти жактагандар парламенттин, Жогорку соттун имаратына, президенттик резиденцияга кирип барышкан.
Жыйынтыгында жүздөгөн киши камалган.