ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Жогорку билими жок психологдорду жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

0
Жогорку Кеңештин бир нече депутаты адистиги боюнча жогорку билими жок психологиялык кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун даярдашты."Жарнама жөнүндө" мыйзамгө өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.


Долбоордун негиздеме катында азыркы учурда психологдорго кайрылгандар көбөйүп, кызмат көрсөткөндөрдүн арасында атайын билими жоктор адамдын психологиялык саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканы айтылат.


“Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок болсо да курс, тренинг жана консультация сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын саны өсүп жатканы байкалууда. Мындай кызматтардын жарнамасына көзөмөлдүн жоктугу алдамчылыктын жайылышына алып келиши мүмкүн. Көптөгөн өлкөлөрдө тиешелүү окутуусуз жана лицензиясыз психологиялык кызмат көрсөтүүгө мыйзам жол бербейт”, - деп жазылган негиздемеде.




Кыргызстанда бир нече жогорку окуу жайда психолог адистер даярдалат. Бирок алар каттоодон өтүп, тескелбейт. Социалдык тармактарда психолог кызматын сунуштагандар арбын.


Буга чейин Жогорку Кеңеш “Жарнама” мыйзамына өзгөртүү киргизип, көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнама кылууга тыюу салынган. (TSh)