ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат

0
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга ("Сахарового") барышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Элчиликтин кызматкерлери борбордун жетекчилиги менен ал жердеги кыргызстандыктардын укугун коргоо, мекенине кайтаруу маселелерин талкуулашты.


Учурда ал борбордо 75 кыргызстандык (мунун ичинен жетөө аял) кармалып турат. Элчиликтин кызматкерлери укуктук кеңеш берип, суроолорго жооп беришти. Алар борбордун кармоо шартына нааразылыгын айткан эмес.




Орусиянын мыйзамдарына ылайык, миграциялык эрежени бузган чет элдиктер депортацияга чейин атайын борборлордо кармалышы керек. Бирок айрым учурда миграциялык борборлордо орун жоктугунан мигранттар полициянын убактылуу кармоочу жайларына жөнөтүлүп, кылмышкердей мамилеге туш болорун айтышат.


Былтыр мартта Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерт залындагы теракттан кийин Орусияда эмгек мигранттарына каршы саясат катаалдады.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант жүргөнү аныкталган. (TSh)