Freedom For Eurasia жер төлөдөгү ур-токмокту айыптаган билдирүү таратты
Баш кеңсеси Австриянын борбору Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму социалдык тармактарга тараган Кыргызстанда жер төлөдөгү ур-токмок тартылган видеолор боюнча тынчсыздануусун билдирди. Тасмаларда "Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери камактагы Нурбек Хасановду катуу кыйнап, ур-токмокко алганы тартылганы" айтылган.
Freedom for Eurasia уюму билдирүүсүндө бул кыйноолор жайылып жатканынан кабар берерин эскертип, өлкөнүн бийлиги эл аралык укуктук милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү болгону менен, кыйноолор кайрадан мамлекеттик органдардын репрессиялык куралга айланып жатканын белгилеген.
Уюм бийликти кыйноолорду дароо токтотуп, жооптуу адамдарды жоопко тартууга чакырды.
"Кыргызстан БУУнун Кыйноого каршы конвенциясына, Адам укуктарынын жалпы декларациясына жана Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыга мүчө мамлекет катары кыйноолорду токтотууга милдеттүү. Бирок азыркы бийлик күч түзүмдөрүнө кеңири ыйгарым укуктарды берип, алардын жоопкерчиликсиз иш алып барышына шарт түзүүдө. Эл аралык коомчулукту, өзгөчө Европа Биримдигин жана АКШны Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушуна көңүл бурууга, кыйноого тиешеси бар адамдарга каршы санкцияларды киргизүүгө чакырабыз. Бийлик укук бузууларга көз жумуп, репрессиялар улана берсе, өлкөдө мыйзам үстөмдүгү жана адилеттик таптакыр алсырап кетиши мүмкүн", - деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.
Ошто "Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында кылмышка шектүүлөр аёосуз сабалган" делген видео коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Сабалды дегендердин бири күнөөсү жоктугун айтып, өлкө башчыларына кайрылган.
Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков алардын укугун коргогондорду айыптап, "зомбулукка барып, мыйзамды одоно бузгандарды коргоо - кылмыштуулукту жайылтуу" деп эсептелерин жазган.
Укук коргоочулар Кыргызстанда кылмышкерди сот гана аныктаарын, өлкөнүн Баш мыйзамында күнөөсүздүк презумпциясы бар экенин айтып жатышат. (ZKo)