ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Аба ырайы: Ош, Баткендин тоолуу райондорунда кар жаайт

0
19-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күндүз да жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн-1…-6, күндүз 6…11;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндуз 8…13;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;



Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4.



Бишкек шаарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.


Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4° суук, күндүз 10…12° жылуу болот.