УТРК каржыга байланыштуу кылмыш иши козголду деген маалыматты төгүндөдү
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) телеканалдагы каржылык маселелер боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматтарды төгүндөдү. Мындай билдирүү телеканалдын сайтында жарыяланды.
Анда Париждеги Олимп оюндарынын трансляциясын сатып алуу боюнча түшүндүрмө берип, алгач лицензиянын баасы 1,5 миллион доллар деп айтылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин 100 миң долларга алынганын билдирди. Жарнама жана кабелдик телеканалдарга сатуу менен бул чыгым жабылып, УТРК киреше тапканы айтылат.
Билдирүүдө “Евро-2024” футбол чемпионатынын трансляциясы үчүн чыгымды жеке компаниялар төлөп бергени жана андан УТРК кошумча киреше тапканы да жазылган.
“Ири турнирлер аяктагандан кийин айрым жооптуу жетекчилер ар кандай мүлктөрдү, анын ичинен автоунааларды сатып алган” деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат маалыматта.
УТРК “Кыргызтелефильм” боюнча иликтөө жүрүп жатканын тастыктап, ага бөлүнгөн каражатка тарыхый көркөм тасма тартылып, экинчи тасмага даярдык көрүлүп жатканын билдирди.
Буга чейин Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, УТРКдагы 200 млн сом акчага байланыштуу кылмыш иши козголгонун жазган. Кылмыш иши Париждеги Олимп оюндарынын, “Евро-2024” футбол чемпионатынын трансляциясындагы жарнамадан түшкөн каражат жана ар кандай гранттарга байланыштуу экенин кабарлаган.
Kaktus.media УТРКнын “Кыргызтелефильм” студиясында коротулган 25 млн сом боюнча да иликтөө жүрүп, анын жетекчилеринин бири кармалып, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулганын жазып чыккан. (TSh)