Култаева мандатын тапшырып, Жунушалиева депутат болуп келди
Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гүлшаркан Култаева өз арызы менен мандатын тапшырды. Анын ордуна ушул партиядан талапкер Гүлсүнкан Жунушалиева депутат болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады.
Култаева эмне себептен мандатын тапшырганы айтылган жок. “Азаттыктын” ишенимдүү булагы ал БШКнын мүчөсү болуп келерин кабарлады.
Гүлсүнкан Жунушалиева буга чейин жогорку окуу жайларда мугалим, жетекчилик кызматтарда иштеп келген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон.
2021-жылы шайланган 7-чакырылыштагы парламентте жыйырмадан ашык депутат ар кандай себептер менен мандатын тапшырды. (TSh)