Айрым кризистик борборлор жабылуу коркунучунда экенин билдиришти
Жогорку Кеңеште 17-февралда депутаттар аялдар кризистик борборлорго байланыштуу форум өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйында айрым кризистик борборлор каржылык колдоого муктаж экени, өз имараттары жок жабылуу алдында тургандары бар экенин билдирди. Депутат Айсулуу Мамашова үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө мындай борборлор маанилүү экенин белгилеп, көпчүлүгүндө каржы маселеси курч экенин айтты. Форумда бул маселени Президенттик администрация, Министрлер кабинетинин деңгээлинде чечүү сунушталды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, кризистик борборлор сунуштаган долбоорлорго мамлекеттен 115 млн сом каралган. Расмий маалымат боюнча жыйырмадан ашык кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт.
Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1% же 4 212 окуяга көп.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. (TSh)