ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

0
17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.



Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;



Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5.



Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4° суук, күндүз 3…5° жылуу болот.