ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Журналист Нарын Айып акыркы сапарга узатылды

0
72 жашында акка моюн сунган журналист Нарын Айыпты акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн 15-февралда анын Бишкектеги өз үйүндө өттү. Маркум менен коштошууга бир катар өкмөт мүчөлөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, журналисттер, жакындары жана санаалаштары катышты.


Журналист мындан эки күн мурун, 13-февралда жумушта иштеп отурган жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы маалым болгон.


Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, беш жылдан кийин, 1974-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн.


1975-1976-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин физика факультетинде стажировкадан өтүп, Кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштегенден кийин, 1977-1980-жылдары СССР Илимдер академиясында (Н.Намёткин атындагы Нефтехимиялык синтез институтунда) аспирантурада окуп, Москвада 1982-жылдан 1993-жылга чейин СССР Илимдер академиясында (Жогорку температуралар институтунда) илимий кызматкер болуп иштеген.




1993-жылдын башында ошол кезде Мүнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылы апрелден октябрга чейин “Res Publiсa” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеген.


1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мүнхенде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылдан тарта (радио Мүнхенден Прагага көчкөндөн соң) 2002-жылга чейин ал кызматтын редактору, 2007-жылга чейин журналисти болуп эмгектенген.


2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын башкы редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон (калган экөө - Геннадий Кузьмин жана Дина Маслова).


Андан кийин Кыргызстандагы бир катар медиаларда кызмат кылып, кийин "5-каналда" алып баруучу, редактор, соңку кездери “Жетинчи каналда” иштеп жаткан.




Нарын Айыптын сөөгү Байтик айылындагы көрүстөндө жерге берилди. Маркумдун артында аялы Нуржамал Идинова, төрт кызы калды. (MZh)