ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

16-февралдын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

0
16-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6



Нарын облусунда тункүсүн -11…-16, күндүз -4…+1



Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 3…5° болот.