Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин "Эскерүүлөр" китеби жарык көрдү
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин китеби жарык көрдү. Бул китепте акындын Кыргыз радиосунун “Алтын казынасына” жазылып алынган айтуучулук өнөрү, жазма жана заманбап QR коддор коштогон чыгармачылыгы камтылган.
Китептеги QR код аны видео аркылуу интерактивдүү мазмунда колдонууга шарт түзөт. Жаңы басылма жаштарга кыргыз искусствосун даңазалоо максатында да даярдалганы белгиленди.
“Эскерүүлөр” деп аталган китептин бет ачары 14-февралда Кыргызпатент мамлекеттик ишканасы менен биргеликте өткөрүлдү. Кыргыз улуттук “Манас” театры, Улуттук Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте уюштурулган иш-чарага ак таңдай төкмө акын өзү, анын жакындары жана замандаштары, шакирттери, бир катар маданият өкүлдөрү катышты.
73 жаштагы Замирбек Үсөнбаев атактуу төкмө Алымкул Үсөнбаевдин уулу.
2022-жылы 31-августта Кыргызстандын Эгемендик күнүнө жана акындын 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өткөн, анын байге фонду 3 миллион сомду түзгөн.
2023-жылы ноябрь айында Улуттук филармонияда Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгы белгиленген.
Учурда үйүндө дарыланып жаткан эл артисти тууралуу "Азаттык" 2022-жылы көрсөтүү даярдаган. (MZh)