Конституциялык сот Ататүрк паркы боюнча чечимине түшүндүрмө берди
Конституциялык сот Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагында жеке жактарга берилип кеткен жерлерди мэрияга кайтаруу боюнча арызга байланыштуу чыгарган корутундусуна түшүндүрмө берди.
Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга, анын ичинен мурда кабыл алынган актыларды өз алдынча жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек экени жазылган.
Бирок чечимдер мыйзамдын чегинде, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” конституциялык мыйзамдын, Жер кодексинин жана башка ченемдик-укуктук актылардын нормалары менен гана ишке ашышы керектиги белгиленген.
Эгерде кайсы бир акт жеке менчиктеги мүлктү анын ээсинин макулдугусуз алып коюуга жол ача турган болсо, бул мыйзамсыз экени, ал акт соттун чечими менен гана жараксыз деп табылары белгиленген. Конституциялык сот жер тилкесин алып коюуга байланыштуу маселени бир гана сот чечерин эскертти.
Бишкек мэриясы 12-февралда Конституциялык сот шаар башкармалыгынын Ататүрк паркы боюнча токтомун мыйзамдуу деп тапканын билдирген.
Конституциялык сотко Ататүрк паркынын четинде үйү бар Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жана адвокат Самат Матцаков кайрылган. Арызда Бишкек мэринин Ататүрк паркы жөнүндө токтомунун мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү жазылган. Конституциялык сот 29-январда арызды карап, чечим кабыл алган.
Мэрия ошол чечимге таянып, парктагы жеке жактарга берилген жер тилкелерди кайтаруу чечими мыйзамдуу жана Конституцияга каршы келбейт деп таанылганын кабарлаган.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде Ататүрк паркынан турак жай курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген. 1992-жылдагы токтомдо парктын аянты 107 гектар деп аныкталганын жана турай жайлардын жери паркка кайтарылышы керектигин айткан. Ал үчүн 43 гектар жерди кайтарып алуу боюнча токтом чыккан.
Аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, учурунда тилкени мыйзамдуу сатып алганын, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын билдиришкен. (BTo)