ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Германияда "топ элди машина менен сүзгөн" деген шек менен ооган жараны кармалды

0
Германиянын Мүнхен шаарында топтолгон адамдарды машине менен сүзгөн деген шек менен теги оогандык жаран кармалганы маалымдалды. Немис басылмалары ал буга чейин Германиянын өкмөтүнөн башпаанек сураган 24 жаштагы Фархад Н. атуу жаран экенин жазышты.


«Шектүү 14-февралда тергөө судьясына келет. Соттук-медициналык топ жана адистерибиз менен дагы эле кылмыш болгон жердебиз», - деп билдирди Мүнхен полициясы.


Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херманн шектүүнүн башпаанек берүү өтүнүчү четке кагылганын, бирок ал Ооганстандагы коопсуздук маселесинен улам өлкөдөн чыгарылбаганын билдирди.


Германиянын статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын аягына карата бул өлкөдө жашаган ооган жарандарынын саны болжол менен 377 миңди түзгөн.


"Германиядагы оогандыктар бул окуяны миграция саясатына каршы оңчул партиялар саясий кызыкчылык үчүн пайдаланып, качкындардын жашоосун ого бетер кыйындатат деп чочулоодо", - деп билдирди "Азаттыктын" ооган кызматына Германияда жашаган журналист Рахматулла Зиармаал.




Окуя 13-февралда болуп, 28 адам жаракат алганы кабарланган. Ал маалда жергиликтүү тургундардын демонстрациясы өтүп жаткан. Жабыркагандардын көбү ошол иш-чаранын катышуучулары болгон.


Былтыр 21-декабрда Германиянын түндүк-чыгышындагы Магдебург шаарында Рождество майрамына карата уюштурулган жарманкеде автоунаа тебелеп кеткен беш киши кайтыш болгон. Жаракат алгандардын саны 40тан ашкан.


Анда шектүү Сауд Арабияда туулган 50 жаштагы дарыгер экени кабарланган. Маалыматка караганда, ал Германияга 2006-жылы биринчи жолу келип, Бернбург ооруканасында психиатр, психотерапевт болуп иштеген. (AiA)