ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Мектептерде балдар менен иштөөчү инспекция кабинеттери ачылат

0
Кыргызстандын мектептеринде жашы жете электер менен иштөөчү инспекциянын кабинеттери ачылат. 14-февраль күнү жолугушуу өткөргөн ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ушундай чечимге келишти.



Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сайтындагы маалыматка ылайык, жолугушууда министрлер өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү зарылдыгын белгилешти.



"Бул демилгенин алкагында ар бир мектепте өспүрүмдөрдүн иштери боюнча кабинети ачылат, бул мектеп окуучулары, ата-энелер жана мугалимдер үчүн инспекторлордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Конфликттик кырдаалга жол бербөө процессин тездетип, буллингди, зомбулукту жана мыйзамсыз иштерди аныктоого мүмкүндүк берет", - деп жазылган маалыматта.



Жолугушууда биргелешип түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мугалимдер менен ишти күчөтүүнү камтыган узак жана кыска мөөнөттүү план түзүү, видео көзөмөл системасын кеңейтүү керектиги белгиленди. 


Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.


22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.


21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумду.


12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.


Баткен шаарында 2008-жылы туулган М.Ч. жана А.Д. аттуу эки өспүрүм 8-февраль күнү таңкы саат 6:00 чамасында чырдашып, А. Д. аттуу өспүрүм теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жибергенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 14-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада жаракат алган бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган.




Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.



ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айтышса, милиция аны четке каккан.(ZKo)