ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ХАМАС радикал тобу барымтадан дагы үч адамды бошоторун жарыялады

0
АКШ жана Евробиримдик террордук топ деп жарыялаган радикал ХАМАС тобу ишемби күнү 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин түштүгүнө кол салууда барымтага алынган дагы үч израилдикти бошоторун билдирди.


Маалыматка караганда, ишемби күнү бошотула тургандар Александр Труфанов, Яир Хорн жана Саги Декел-Хен. Алар Израилден тышкары АКШнын да жараны. Баары Газа тилкеси менен чек арага жакын жердеги Нир-Оз шаарынан барымтага алынган.


Бошотула тургандардын тизмеси Израилдин бийлигине тапшырылды.


Буга жооп катары Израил түрмөлөрдөгү айрым палестин туткундарын бошотууга тийиш. Алардын саны тууралуу расмий маалымат жок.


Жалпысынан согушту токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи баскычында хамасчылар 33 кишини бошотушу керек. Ушул убакытка чейин 21 киши кое берилди. Алардын 16сы Израилдин, бешөө Тайланддын жарандары.


Ар кандай маалыматтар боюнча, туткунда дагы 73 киши бар. Алардын отуз чактысы каза тапкан болушу мүмкүн.


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 13-февралда ХАМАС туткундарды ишемби түшкө чейин бошотпосо Газа тилкесинде аскердик аракеттер уланарын эскерткен.




Учурда Египеттин баш калаасы Каирде ок атышууну токтотуу боюнча келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Израил бийлигинин билдирүүсүнө караганда, бир катар чечиле элек маселелер бар.


Хамасчылар Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.



Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 48 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (AiA)