ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

“Унаанын” мурдагы директору Жокоевдин иши Октябрь райондук сотунда каралууда

0
Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоевдин иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралууда.


Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, кийинки соттук отурум 20-февралга дайындалды.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рустам Жокоев менен бир нече кызматкерди 2024-жылы 26-сентябрда камакка алганы белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган.




Рустам Жокоевдин кармалышы боюнча президент Садыр Жапаров комментарий берип, аны бул тармакты тартипке салуу үчүн дайындаганын, “таза иштеши үчүн” ага демөөрчүлүк фондунан айына 2 миң доллар жардам берип турганын, мындай көмөктү ал 40 жетекчиге көрсөтөрүн кошумчалаган. Ошондой эле айдоочулук күбөлүк сатуу тыйылбай келатканын билдирген.


Рустам Жокоевдин жана кармалган башка кызматкерлердин жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.


37 жаштагы Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп, 2021-жылы директору болуп дайындалган. 2020-2021-жылдары президенттин иш башкармалыгына караштуу “Ала-Арча” паркы мамлекеттик мекемесинин директору болуп турган. (BTo)