Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү Фархад Баабиевди кармады. Бул тууралуу "Азаттыкка" партиянын юристи Айбек Турдуев маалымдап, Баабиев 13-февралда кармалганын билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Фархад Баабиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен шек саналып кармалган.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев кармалганын УКМКнын маалымат борбору да журналисттерге ырастады, бирок толук маалымат бере элек.
Буга чейин Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү Жанна Самышева Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) бир нече жолу суракка чакырылган. Алгач ал 12-январда сурак берген. Бишкек милициясы Самышева “добуш сатып алуу” боюнча кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилгенин, анын катышуусу менен тергөө аракеттери Жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөнүн билдирген. 3-февралда партия мүчөсү кайрадан суракка чакырылган.
Самышева Социал-демократтар партиясынын катарында буга чейин Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигин койгон.
Социал-демократтар партиясынын лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси менен иш козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү тең эки айга камакка алган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
Свердлов райондук соту 8-февралда Султанбековдун, Карамушкинанын жана Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узарткан.
Темирлан Султанбеков 13-ноябрда милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Ал өзүнө каршы дооматтардын баарын четке кагып, саясий ачкачылыгын "мыйзамсыз иштерге каршылык" деп түшүндүргөн. Ошондон бери анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылган. Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.
Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп билдиришкен.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, уюмдар Султанбеков менен анын партиялаштарын бошотуу тууралуу бийликке кайрылып келет. (ZKo)