ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

“Ош” эл аралык аэропортуна жаңы аэробекет комплекси курулат

0
“Ош” эл аралык аэропортуна жаңы аэробекет комплекси курулат. Аталган комплекстин курулушуна президент Садыр Жапаров 14-февралда Ош облусуна иш сапарынын жүрүшүндө "мезгил кутусун" салды.



Президент Жапаров сөзүндө буга чейин "Каракол" эл аралык аэропорту жана "Талас" аэропорту ишке киргизилгенин, "Жалал-Абад", "Караван", "Казарман", “Баткен” аэропортторунда учуп-конуу тилкелери толук оңдолгонун белгиледи. Мамлекеттин учак паркына быйыл дагы жаңы эки учак сатылып алынарын айтты.



Мамлекет башчы “Ош” эл аралык аэропорту жалпы Фергана өрөөнүнүн негизги транспорт түйүндөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Бул аэропорт Кыргызстандын түштүк аймагынын тургундарын гана эмес, Борбор Азия, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана башка региондордун ортосундагы маанилүү байланышты камсыз кыларын айтты.


Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, бул долбоор Кыргызстандын түштүгүндөгү авиация инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам. Аталган комплекс аркылуу жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчү өтөт. Жаңы аэробекет эки кабаттуу болот, жер төлөсү менен курулат. Жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт.



Жаңы терминалда жүргүнчүлөр үчүн кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу жайы, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотмо жана башка ыңгайлуу шарттар каралган.



Ал эми аэропортту өнүктүрүү долбоорунда перрон кеңейтилип, учактарды токтотуучу жайлардын санын 25ке көбөйтүлгөн.




"2025-жылы учуп-конуу тилкесинин долбоордук-сметалык документациясын даярдалып, 2026-жылы учуп-конуу тилкесин узартуу пландаштырылууда жана реконструкциялоо иштери аяктагандан кийин “жогорку интенсивдүүлүктөгү жарык берүүчү” системасы 3-категорияга чейин жогорулатылат" деп жазылган маалыматта.



Жаңы аэробекет комплексинин долбоорун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыккан. Курулуштун башкы подрядчысы - “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы. Долбоорду каржылоо “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун өз каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.



"Ош" эл аралык аэропорту 1974-жылы курулган.(ZKo)