УКМК Жалал-Абадда дагы бир блогер кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 13-февралда Жалал-Абад шаарында дагы бир блогер опузалап каражат талап кылган деген шек менен кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Instagram социалдык түйүнүндө 200 миң катталуучусу бар блогерге (Р.к.Ч) Сузак районунун тургунун (И.Т.Д.) “өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон” делген жасалма сүрөт, видеолорду таркатам деп коркутуп, 184 миң сом талап кылган деген айып тагылууда.
Ушул тапта тергөө иштери уланууда. Кармалган блогер ким экени белгисиз. Анын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.
УКМК 25-январда социалдык тармактарда “Жазира Осмонова” деген ат менен белгилүү болгон О.Ж.С. аттуу блогер Жалал-Абад шаарында ишкерлерден акча талап кылууга шек саналып кармалганын маалымдаган.
Атайын кызмат 18-январда эле социалдык тармактарда “Айка Мусаева” деген ат менен катталган С.А.М аттуу блогер кармалганын билдирген. Мекеме ал буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым ишкерлерди жана колунда бар адамдарды социалдык тармактар аркылуу жаманатты кыларын айтып коркутуп, акча талап кылып келгенин кабарлаган. (BTo)