ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

"Дордой" базарларында салык жыйноону базар башчылары көзөмөлдөйт

0
Президент Садыр Жапаров “Дордойдун” базарларында жана кичи базарларында салыктык администрациялоо жана Бирдиктүү салык эсебин киргизүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин сайтына 13-февралда жарыяланды.



Пилоттук долбоор өткөрүү Министрлер кабинетине жүктөлдү.



Ага ылайык, өкмөт 15-марттан 15-августка чейинки мезгилде “Дордойдун” базарларынын жана кичи базарларынын аймагында иштеген ишкерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөө милдетин базарлардын жана кичи базарлардын администрацияларына - салык агенти макамында жүктөөгө тийиш. Ошондой эле 1-июндан 31-августка чейинки аралыкта бул базарлардагы жеке жактар үчүн Бирдиктүү салык эсебин киргизүүгө тийиш.



Министрлер кабинети ошондой эле бир айлык мөөнөттө пилоттук долбоорго катышуучу "Дордойдун" базар жана кичи базарларынын реестрин бекитип, бул базарлардын администрациялары - салык агенти катары жүргүзүүчү көзөмөлдөө тартибин жана жол-жобосун иштеп чыгып, бекитиши керек.



1-декабрга чейинки мөөнөттө кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаттарын каттоочу органдар тарабынан салык кызматына тиешелүү маалыматтар берилүүсү тийиш.



Бул пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча 1-октябрга чейинки убакта “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө милдеттүү. Аталган мыйзам долбооруна салык агентинин укук, милдет жана жоопкерчилиги камтылып, жеке жактарга Бирдиктүү салык эсеби киргизилүүсү керек.


Президенттин жарлыгы менен Мамлекеттик салык кызматы салык милдеттенмелерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерге ыңгайлуу болуш үчүн банктар салыктын маалыматтык системасынын сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттендирилди. (ZKo)