ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ХАМАС туткундарды бошотууну уланта берерин билдирди

0
ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму буга чейинки билдирүүлөрүнө карабай, 15-февралда туткундардын кийинки тобун бошотуп, Израил менен түзүлгөн ок атышуу келишиминин алкагындагы өз милдеттенмелерин аткара берерин билдирди.


Маалыматка караганда, аталган топ ушул ишембиде үч туткунду бошотууга ниеттенип жатат. Жалпысынан согушту токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи баскычында хамасчылар 33 кишини бошотушу керек. Ушул убакытка чейин 21 киши кое берилди. Алардын 16сы Израилдин, бешөө Тайланддын жарандары.


Ар кандай маалыматтар боюнча, туткунда дагы 73 киши бар. Алардын отуз чактысы каза тапкан болушу мүмкүн.


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 13-февралда ХАМАС туткундарды ишемби түшкө чейин бошотпосо, Газа тилкесинде аскердик аракеттерди жандантарын эскерткен.


Учурда Египеттин баш калаасы Каирде ок атышууну токтотуу боюнча келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Израил бийлигинин билдирүүсүнө караганда, бир катар чечиле элек маселелер бар.




ХАМАС радикал уюму 10-февралда күтүүсүздөн эле туткундарды бошотууну токтоторун жарыялаган.  Бул чечимин Израил ок атышуу режимин бузуп жатканы менен негиздеген. 


Хамасчылар Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.



ХАМАСтан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 48 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.