Дарыгерлер 120 миң сомго чейин айлык алабы?
Мурунку саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлер 120 миң сомго чейин алып жатканын, ал эми орточо айлык 38 миң сомго жеткенин билдирген. Бирок расмий статистика көрсөткөндөй, Кыргызстанда дарыгердин орточо маянасы 26 миң сом.