ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Жогорку Кеңеште “Жер кодексин” кароодо талаш жаралды

0
Жогорку Кеңештин 13-февралдагы отурумунда “Жер кодексинин” жаңы редакциясын үчүнчү окууда кароодо депутаттардын арасында талаш-тартыш чыкты.


Депутат Чолпон Султанбекова 13 эл өкүлү буга чейин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине документти комитетке экинчи окууга кайтаруу сунушун бергенин, бирок ал колдоо таппай, парламенттин регламенти бузулганын айтты. Ушундан улам ал “Жер кодексин” экинчи окууга кайтаруу боюнча маселени добушка коюу сунушун берди.


Вице-спикер Нурланбек Азыгалиев бирок комитет бул демилгени четке какканын айтып, документти экинчи окууга кайтаруу боюнча маселени колго салган жок. Эгерде мыйзам долбооруна техникалык, грамматикалык каталарды оңдоо тууралуу сунуш болсо берүүнү өтүндү.


Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев документте дачалардын маселеси талкуу жаратып жатканын айтты.


“Бул кодекс боюнча парламенттик угуу, "тегерек стол" уюштурдук. Бизге чейин төрт комитет карап чыккан. Бир ай сайтта коомдук талкууда турду. Кыргызстанда 339 дача бар экен. Алар 3580 гектар жерди ээлейт. Жер маселесин чечүүгө алардын 15% каршы болуп, ызы-чуу болуп жатабыз”, - деди ал.




Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов документти күн тартибинен алып салуу сунушун берип, ал колдоо тапкан жок.


“Жер кодексинин” жаңы редакциясын Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан. Документ бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылдын жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап баштаган.


Кыргызстанда “Жер кодекси” алгачкы жолу 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.


Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү деп билдирүүдө. Маселен, ал кабыл алынса, Кыргызстандагы жер тилкелеринин баары бир сыйра ревизиядан өтүшү мүмкүн экен.


Айрым депутаттар дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өкмөт андай коркунуч жок экенин билдирүүдө. (BTo)