ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

MCN coin иши боюнча Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы Тойчубеков камалды

0
MCN coin криптоактиви ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Юруслан Тойчубековго Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылды.


Юруслан Тойчубеков 2015-жылы Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигин жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн сом салык түшпөй калган деп айыпталган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган.


Тойчубеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, 2022-жылы ага козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негиз менен кыскартылган.


Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналып буга чейин эки адам камалган. MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.




Ал “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана элден кечирим сураган. Субанбековдун сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.


УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.


Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилгенин билдирген. Маалымат боюнча, MCN coin'ге байланыштууу 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”)менен кылмыш иши козголгон, тергөө жүрүп жатат.


Буга чейин Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөл кылуу жана тескөө кызматы (Финкөзөмөл) MCN coin Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнүн, аны сатып жаткандардын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскерткен.


Соңку айларда Кыргызстанда бул криптоактивди жарнамалоо күчөгөн. Аны уюштургандар ири киреше булагы катары сыпаттап, сатып алгандар “тез эле миллионер болот” деп убада кылып келген. Ага коомчулукка аты белгилүү адамдар да тартылган. MCN coin'ду жарнама кылган айрым видеолордон Юруслан Тойчубековду да көрүүгө болот.


Анын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)