ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ЖК комитети Орунтаев жана Шайлдабекова боюнча чечимдерин кабыл алды

0
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 13-февралда кезексиз жыйын өткөрдү. Анда комитет мүчөлөрү Нурдан Орунтаевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кылып дайындоого макулдук берди. Комитет отурумунда ошондой эле Нуржан Шайлдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымдыгынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин да карады. Жыйынтыгында комитет бул маселеге да макулдугун беришти.



Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен 11-февралда Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлгөн. Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.



Борбордук шайлоо комиссиясынын 10-февралдагы жыйынында төрайым Нуржан Шайлдабекова өз ыктыяры менен жетекчиликтен кетүү арызын бергени маалым болду. Ал бул кызматка 2016-жылы жана 2021-жылы эки ирет дайындалган.(ZKo)