ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

УКМК Жайылда бала бакча жана спортзал мамлекетке кайтарылганын билдирди

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылындагы бала бакча жана спортзал мамлекетке кайтарылганын кабарлады.



Мекеменин басма сөз кызматы 13-февралда маалымдагандай, мамлекеттик менчикте турган бала бакча жана спортзалды 2017-жылы кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран кылмыш жолу аркылуу менчиктеп алган.



Коопсуздук кызматы ал аталган мүлктү коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен атасынын жана агасынын атына каттатып алганын билдирди.



Маалыматка ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында алар бул объекттерге мыйзамсыз ээлик кылып, пайдаланып келгенин мойнуна алышты жана өз ыктыяры менен Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.




УКМК буга чейин да мурунку убактарда "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен ондогон объектини мамлекетке кайтарган. Коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы жайында Союз кулагандан берки убакта менчиктештирилген мүлктүн баары текшерилип, мыйзамсыз алынгандарын кайтаруу иштери жүрөрүн эскерткен.(ZKo)