ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ЖК сот арачылар институтун ишке киргизүүнү 10 жылга жылдырууну колдоду

0
Жогорку Кеңеш Кыргызстанда сот арачылар институтун ишке киргизүүнү дагы 10 жылга – 2035-жылга чейин жылдыруу тууралуу мыйзам долбоорун 13-февралдагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алды.


Юстиция министри Аяз Баетов сот арачылар институтун ишке ашыруу үчүн 1 млрд сомдон ашык каражат керек экенин, бирок ал быйылкы бюджетте каралбаганын айтты. Анын сөзүнө караганда, бул сумма техника сатып алууга, кадр даярдоого, айлык акыга жана башка чыгымдарга сарпталмак.




Сот арачылар институту 2025-жылдын 1-январынан тарта иштеп башташы керек болчу. Эгер ал иштесе оор жана өтө оор кылмышка шек саналып жаткан адам анын ишин сот арачылары карасын деп өтүнүч келтирип, колдоо тапса, ишти сот арачылары карамак.


Парламентте депутаттар Кыргызстанды сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн бул институтту ишке киргизүү зарыл экенин айтышты. (BTo)