"Азаттыктын” беларус кызматынын журналисти Андрей Кузнечик абактан бошотулду
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Андрей Кузнечик Беларустагы абактан бошотулду. 47 жаштагы кабарчы 3 жыл темир тор артында отуруп, 12-февралда Вильнюска барды. Литванын борборунда аны жубайы менен эки баласы тосуп алды.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус: “АКШнын президенти Дональд Трамптын аракети менен журналисттин үй-бүлөсү кайрадан чогуу. Мамлекеттик катчы Марко Рубиого жана командасына, Литванын өкмөтүнө колдоосу үчүн ыраазыбыз”, - деп Х социалдык тармагына жазды.
Ал беларус кызматынын дагы бир кабарчысы Игорь Лосик да жакын арада бошотулат деп үмүттөнөрүн кошумчалады.
Кузнечик 2021-жылдын 25-ноябрында ээнбаштыкка шектелип кармалган жана 10 күнгө камалган. Ал мындай айыптоону четке каккан. Чегерилген жазаны өтөп бүткөндөн кийин ага экстремисттик топ түзүү тууралуу айып тагылганы белгилүү болгон.
2022-жылдын июнь айында Могилёв облустук соту журналистти бир күн гана уланган соттук отурумда айыптуу деп таап, алты жылга кескен.
Беларустун укук коргоочулары журналистти саясий туткун деп тааныган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу, АКШнын расмий адамдары жана укук коргоочу уюмдар Кузнечиктин ишинин артында саясат турганын билдирген.
Ал эми Лосик "коомдук тартипти одоно бузуучу аракеттерди даярдаган жана уюштурган" деген айып менен 2021-жылдын декабрь айында 15 жылга кесилген.
2020-жылы Беларуста оппозициянын ири нааразылык акциясы өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко кайрадан өзүн президент деп жарыялап алган шайлоодон кийин тутанган. Миңдеген киши митингге чыккан. Акция күч менен таркатылып, көпчүлүгү кармалып, камакка алынган, оппозициянын лидерлери жана айрым өкүлдөрү сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече киши полициянын зомбулугунан каза тапкан. Укук коргоочулар кармалгандар полициянын жана атайын кызматтын кыйноосуна кабылгандыгынын далили бар экенин айтып жүрүшөт.
Алдынкы күнү америкалык жаран Марк Фогел Орусияда абактан бошотулуп, мекенине кайтып барган.