Ошто газ бүлбүлдөйт, Ферганада көгүлтүр отун тартыш
Өлкөнүн экинчи ири калаасы Ошто соңку үч күндөн бери газдын басымы аз болуп, шаардын 40% көгүлтүр отсуз калганы белгилүү болду. “Ошгаз” ишканасы Өзбекстандан келген газдын көлөмү нормадан 10 эсе азайып кеткенин билдирди. Шаар тургундары мындай көйгөй өткөн кышта дагы болгонун, калкка алдын ала эскертүү берилбегенине нааразы. Эксперттер соңку жылдары Өзбекстанда газ өндүрүү азайып, коңшу өлкөнүн өзүндө таңкыстык жаралганын белгилешет.