ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалды

0
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы зордуктоо фактысына шектелип милиция кызматкери кармалганын билдирди.


Маалыматка ылайык, 6-февралда шаардык милицияга 24 жаштагы кыз 5-февралда Бишкектеги мейманканалардын биринде белгисиз адам коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган.


Ички иштер министрлигинин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө бөлүмү жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ыкчам издөө аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары милициянын лейтенанты К.У. аттуу кызматкер кармалган.


Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.




Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы мыйзам бузган милиция кызматкерлерине катуу чара көрүлөрүн белгилейт.


2022-жылы секелекти зордуктоого байланыштуу эки милиция кызматкери айыпталган. Ошол жылы август айында Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарган. Ага ылайык, зордуктоого шектелген эки милиция кызматкери 15, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылды. Мындан сырткары ар бир айыпталуучу жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирилген.


Укук коргоочулар милицияны реформалоону талап кылып, тартип сакчыларына шарт түзүү менен бирге алардын кесипкөйлүгүнө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп келишет. Милиция кызматкерлери секелек кызды зордуктоо кылмыштарына аралашкан окуялардан кийин Бишкекте ИИМ жетекчилигинин отставкасын талап кылган акциялар уюштурулган. (TSh)