ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Эркин Мамбеталиевдин иши Ысык-Көл райондук сотуна өттү

0
Кримтөбөл делген Эркин Мамбеталиевдин иши тергелип бүтүп, 28-январда Ысык-Көл райондук сотуна өттү. Райондук соттун басма сөз кызматы баштапкы соттук угуу 21-февралга дайындалганын билдирди.


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2024-жылдын август айында кармаган. Атайын кызмат ал убагында кримтөбөл Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен байланышта болуп, алардын колдоосу менен коммерциялык жеке маселелерин чечкени аныкталганын билдирген.


Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Былтыр 25-сентябрда атайын кызмат Эркин Мамбеталиев баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган бир катар мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдаган.


Башкы прокуратура жакында эле жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Эркин Мамбеталиевге каршы мурда козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн Жогорку сотко жөнөткөн. Көзөмөл органы муну менен Жогорку соттун буга чейинки 2009, 2010 жана 2011-жылдардагы токтомдорун жокко чыгарууну өтүнгөн.


Эркин Мамбеталиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен бир катар оор кылмыштарга айыпталып, аны өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан өкүмдөр да чыккан. Бирок соттун чечими менен өкүмдөр жокко чыгарылып, бошотулган.


Эркин Мамбеталиевдин адвокаттары, жакындары Башкы прокуратуранын соңку билдирүүсү жана Ысык-Көл райондук сотуна өткөн иши боюнча комментарий бере элек. Ал өзү азыр тергөө абагында кармалууда. (BTo)