Газа: Нецарим коридору ачылды, Трамп анклавды алуу ниетин кайталады
Жекшембиде Израил Газадагы стратегиялык Нецарим коридорунан аскерлерин чыгарып кетти. Мындай шарт ок атышууну токтотуу келишиминде каралган. Жекшембиде АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу 2023-жылы 7-октябрда барымтага алган дагы үч кишини бошоткон.