ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Өзбекстан: Ооганстандан 600 кг кара куурайдын чайырын алып өткөн адам кармалды

0
9-февралда Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында жайгашкан “Айритом” бажы бекетинде Ооганстанда өндүрүлгөн ири өлчөмдөгү кара куурайдын чайырын алып өткөн адам кармалды. Коңшу өлкөнүн бажы кызматынын маалыматына караганда, кармалган адам чек арадан 600 кг ашык кара куурайдын чайырын (гашиш) 3000 шыпыргыга катып өткөн.


Жалпы жонунан жүктүн салмагы 13,5 тоннаны түзгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кара куурайдын чайырынын "көмүскө базардагы" баасы 16,5 миллион доллардан ашат. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.




2024-жылы май айында Өзбекстандын чек арасынан Тажикстан менен Ооганстандан ташып келинген 78 кг ашык маңзатты алып өткөн адам кармалган. 2024-жылы октябрь айында коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматы Ооганстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан ташып келинген 47,2 кг маңзатты таратуу аракетине бөгөт коюлганын билдирген. (AiA)