Жалган жалаа, мазактоо үчүн айып: Талаштуу мыйзам кандай иштейт?
Интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам 10-февралда күчүнө кирди. Арызды ИИМ кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Сот жалган маалымат таратты деп тапса, 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.