ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

УКМК ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголгонун билдирди

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирди.


Атайын кызматтын маалыматына караганда, ырчыга AIRAN деп аталган YouTube каналында берген маегинде сүйлөп жатып, "улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган" деген кине коюулууда. Ушул тапта тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Примбердиев өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бере элек.   


9-январда казакстандык AIRAN YouTube каналы “Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандагы демократияга ким тоскоолдук кылды?” деген бир сааттык видео тасма жарыяланган.


Семетей Аманбеков, Азат Рузиев, Элери Битикчи, Элдияр Кененсаров, Искендер Шаршеев, Кайрат Примбердиев сыяктуу айрым кыргызстандык маданият өкүлдөрү, ар тармактагы серепчилер аталган медиага маек куруп, эки элдин ортосундагы мамиле, Кыргызстандагы айрым коомдук, саясий, экономикалык көрүнүштөр тууралуу пикирлерин айтышкан.


Видеодо 19-кылымда жашаган казак ханы Кенесары тууралуу да кеп болгон. Казакстандык журналисттер бул боюнча эки элдин ортосундагы талаш-тартыш токтобой келе жатканын белгилеп, “Ормон хан мынчалык катаалдык кылбай, коңшулугун көрсөтсө болот беле?” деген суроо коюшкан.


Кайрат Примбердиев “Ормон хан Кенесары ханды өлтүрүүгө мажбур болгон. Мен өз атымдан бул окуя үчүн казак элинен кечирим сурагым келет”, - деп айткан. Бул коомчулукта талкуу жараткан. Ырчы AIRAN медиасына дээрлик бир сааттай маек курганын, анда бул тарыхый окуянын жүрүшүнө кенен токтолгонун, бирок анын баары тасмага кошулбай калганын айткан.


Кайрат Примбердиев Кыргызстанда чыгармачылыгынан тышкары коомдук иштерге активдүү катышып, мамлекетте болуп жаткан иштерге пикирин ачык билдирип турганы менен да белгилүү.


Кенесары (Кененсары) Касым уулу 19-кылымдагы казак хандарынын бир катары тарыхта калган. Казакстанда аны улуттук боштондук кыймылынын лидери катары көрсөтүшөт. Кыргыз тарыхчылары ал 1845-жылдан тартып кыргыздарга кол салып, карапайым кишилерге зомбулук көрсөткөнүн жазып келишет. 1847-жылы Ормон хан Ниязбек уулу башында турган кыргыздар Кенесары хандын аскерин жеңип, өзүн туткунга алган. Бир нече убакыттан кийин ал өлтүрүлгөнү тууралуу тарыхый маалыматтар айтылып келет.


Анын сөөгүнүн калдыгы кайсы жакта экени тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтар боюнча, Санкт-Петербургдагы Эрмитажда же Кунсткамерада сакталып турушу мүмкүн. (BTo)