ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Gergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эркиндикке чыкты

0
Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүнүн негиздөөчүсү Виталий Гергерт эч жакка чыкпоо тил каты менен 30-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан бошотулду. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арызды атайын кызматтын тергөөчүсү берген.


Биринчи май райондук соту Виталий Гергертти 2024-жылы 14-декабрда камакка алган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда.


УКМК ага козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Анын жакындары жана адвокаты менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.




2021-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы кийин жоюлуп кеткен) Gergert Sport дүкөнүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, дүкөндү жапкан.


Кийин убактылуу ачылып, көп өтпөй эле бажы төлөмдөрүнө байланыштуу кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) да карап, дүкөндү кайра жапкан.


Виталий Гергерт ал кезде Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына алынган.


Gergert Sport - Бишкектеги белгилүү дүкөндөрдүн бири. Ал жерде туризмге, спортко керектүү товарлар сатылат. Виталий Гергерт дүкөндүн юридикалык ээси эмес, ал жалпы ишкерликти башкарат. (BTo)