Министр Кулубаев АКШнын элчиси менен миграция маселесин талкуулады
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.
ТИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, жолугушууда Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын администрациясынын АКШнын тышкы саясатындагы өзгөртүүлөрү боюнча пикир алмашуу болгон.
“Өзгөчө көңүл АКШнын жаңы миграциялык саясатына, тышкы жардамдын токтотулушуна жана санкция чараларына бурулду. Кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнүн туруктуу багыттарын сактоого жана тең салмактуу чечимдерди табууга кызыкдар экенин билдирди”, - деп айтылат маалыматта.
Кошмо Штаттардын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган. Ушул тапта АКШда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өтүп, аларды депортациялоо уланууда.
Дональд Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.
Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул өлкөдөгү кыргызстандыктарга керектүү документтерди жанына ала жүрүү керектигин эскертип, кандайдыр бир маселе жаралган учурда дипломатиялык мекемеге кайрылууга чакырган. (BTo)