ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Депутат өкмөттү мыйзам долбоорлорун өз алдынча өзгөртпөөгө чакырды

0
Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 10-февралда “Суу кодекси” боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо өзгөртүү сунушталганын айтып, бул регламентке каршы келерин айтты.


Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетинин аппаратын парламентте каралган мыйзам долбоорлорун өз алдынча өзгөртпөөгө чакырды.


“Өкмөттүн өкүлчүлүгү ушундайды качан токтотосуңар? Өткөндө Социалдык комитеттен Эмгек кодексиндеги 1800дү (метр) президентке 2000 (метр) кылып кол койдурдуңар. Токтотпойсуңарбы, эмнеге кийлигишесиңер? Аппарат, эсиңерге келгиле. Азыр депутаттык комиссия түзүлдү. Бул деген “Кызматтык жасалмачылык”. Мунун арты түрмө”, - деди Түлөбаев.


5-февралда Жогорку Кеңеште айрым депутаттар парламент кабыл алган мыйзам долбоорлорунун кээ бир беренелери президентке кол коюуга өзгөртүлүп киргизилип жатканын айтып чыгышкан.


Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев президенттик аппаратты басым-кысымга айыптаган. Жыйынтыгында маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.




2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган.


Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 2020-жылы 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланат.


Коомчулукта “депутаттар президенттик администрациянын мыйзамдарын кабыл алып берген нотариус болуп калды” деген сын айтылып келет. (TSh)