Ливанда Наваф Салам башкарган жаңы өкмөт түзүлгөнү жарыяланды
Ливанда ишембиде Наваф Салам жетектеген жаңы өкмөт түзүлгөнү жарыяланды. Ага 24 министр кирди.
Жаңы өкмөттү куроо тууралуу сүйлөшүүлөр үч аптадан ашык убакытка созулду. Анда негизинен АКШ террордук деп тааныган, Иран колдогон “Хезболла” тобуна жакын күчтөрдүн жаңы өкмөттө ролу кандай болот деген негизги талаш-тартыштуу маселе болду. Бул уюм Ливанда мыйзамдуу болуп саналат жана саясий процесстерге таасири чоң болуп келген.
Жума күнү АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чабарманы Морган Ортагус жаңы өкмөткө “Хезболланын” кириши Вашингтон үчүн “кызыл чек” болорун эскерткен. Ошондой эле аталган топ менен Израилдин жаңжалынан жабыркаган Ливанды кайра калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттарынан берилчү жардам ириде ушул жагдайдан көз каранды болорун белгилеген.
Наваф Салам 2007-2017-жылдары Ливандын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси болгон. 2018-жылы аталган уюмдун Эл аралык сотуна шайланып, былтыр Гаагадагы соттун төрагалыгына тандалган.
Мазхабдар ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн системага ылайык, Ливанда өкмөт башчынын кызмат орду суни мусулмандарга берилет. Эксперттер Саламдын премьер-министрликке дайындалышы "Хезболланын", анын ичинде Ирандын таасиринин азайышынан кабар берерин айтып келишет. Израил менен жакында болгон согуш бул уюмду саясий жана аскердик жактан алсыратты.
Ливанда 2022-жылдан бери бош турган президенттик кызматка Жозеф Аун 9-январда шайланган. Үч жыл мурда жаңы президент менен фамилиясы уйкаш Мишель Аундун ыйгарым укуктары аяктагандан бери 12 жолу мамлекет башчыны шайлоо аракеттеринен майнап чыккан эмес. Айрым учурларда “Хезболла” жана анын шийи өнөктөштөрү кворум болбосун деп, жыйындарга катышпай койгон.