ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

ТИМ Европарламент өкүлдөрүнүн сапарынын жылдырылышын түшүндүрдү

0
Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) 8-февралда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушуу өттү. Анда Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарынын болбой калышынан улам түшүндүрмө берилди.


Министрлик тараткан маалыматка ылайык, кыргыз тарап аталган комитеттин төрагасы Мунир Сатуринин 7-февралдагы билдирүүсү туура эмес экенин, делегациянын сапары жүйөлүү себептерден улам жылдырылганын, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, алар эми каалаган убакта келе аларын белгиледи.


"Жолугушууда кыргыз тарап Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатуринин билдирүүсүндө фактылар туура эмес берилгенине таң калуусун жана макул эместигин билдирди. Кыргызстан Европарламенттин делегациясынын сапары жокко чыгарылбагандыгын түшүндүрдү. Сапардын так мөөнөтү алдын ала макулдашылбагандыктан жана тышкы саясий иш-чаралардын графиги тыгыз болгондуктан аны кийинки убакытка жылдыруу сунушталган”,-деп жазылган маалыматта.


ТИМ бул маалымат ЖМКларда жарыялангандан кийин президент Садыр Жапарв делегацияга каалаган убагында Кыргызстанга келип, өлкөдөгү кырдаал менен таанышып кетүү үчүн чакыруу тапшырмасын бергенин кошумчалады.




Мунун алдында Мунир Сатури делегациянын 25-28-февралга белгиленген, көптөн бери пландаштырылып жаткан Бишкек сапары болбой калганын, буга байланыштуу Кыргызстандын ТИМинен билдирүү келгенин билдирген. Бул чечим өкүнүч жаратарын, күтүүсүз болгонун белгилеген.


Жыл аягында, декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана "Социал-демократтар" партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу резолюция кабыл алган. Документте өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Ошондой эле аталган уюм менен расмий Бишкектин ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырган.


Кыргызстандын ТИМи Еврошаркеттин дооматтарын четке кагып, бул резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган.