Сот Султанбековдун, Карамушкинанын жана Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартты
Бишкектеги Свердлов райондук соту 8-февралда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты. Чечим ишембиде кечки саат 9га жакын чыгарылды.
Сот процесси маалында "Тез жардам" кызматы чакырылып, Султанбековго дары сайып кетишкени белгилүү болду.
Султанбековдун атасы дагы өзүнчө "Тез жардам" чакырган, бирок андагы дарыгерлер киргизилген жок.
Мунун алдында бул партиянын мүчөсү, Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты Кадырбек Атамбаев Султанбеков сотко жеткирерде эсин жоготконун, "Тез жардам" чакыртылганын кабарлаган. Жактоочулары бул процесс алдын ала белгиленбегенин, адвокаттарго процесске бир саат калганда гана кабар берилгенин билдирген.
Бишкек шаардык ички иштер башмармалыгы жана сот органдары азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.
Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда "добуш сатып алуу" беренесине байланышуу козголгон кылмыш иштин негизинде камалган. Ал дооматтардын баарын четке кагып, кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап жатканын жарыялаган жана муну "мыйзамсыз иштерге каршылык" деп түшүндүргөн. Ошондон бери анын саламаттыгы начарлап жатканы айтылган. Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун ден соолугу көзөмөлдө экенин билдирип келет.
Бишкек шаардык соту 29-январда Султанбековдун жана партия мүчөлөрүнүн бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү четке кагып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Айрым эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар, уюмдар Султанбеков менен анын партиялаштарын бошотуу тууралуу бийликке кайрылып келет.