"Өзбекстан Орусиядан оолактоодо". Учак каттамдарын өзгөртүүгө себеп болгон чечим
Uzbekistan Airways Европага каттамдары мурункудай Орусия же Беларус аркылуу өтпөй турганын, учактар бул өлкөлөрдү айланып учмай болгонун жарыялады. Бирок эми Азербайжан жана Түркия аркылуу уча турганы айтылганы менен, Flightradar24 сайты айрым каттамдар дагы эле Орусия аркылуу өтүп жатканын жазды.