ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Элчи Бөкөнтаев Орусияда миграциялык мыйзам саясатташып кетпеши керектигин айтты

0
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда кабыл алынган жаңы миграциялык мыйзамдарды колдонууда бул маселе саясий өңүткө өтүп кетишин алдын алуу үчүн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин мыйзамды сактаган эмгек мигранттарына терс таасирин тийгизбеши керек экенин айтты.


Бул тууралуу ал 5-февралда Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен миграция маселесин талкуулаган жыйында айтканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.


“Кубанычбек Бөкөнтаев 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ тууралуу келишимдин жоболорун эске алуу менен, экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттары үчүн каралган бардык жеңилдиктерди сактоо жана камсыз кылуу зарылдыгын, бул чаралар эмгек күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылган биримдиктин негизги принциптерине шайкеш келиши керектигине көңүл бурду”, - деп айтылат маалыматта.


2024-жылы 30-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө чет элдик жарандарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган жарлыкка кол койгон.




 


Ага ылайык, 1-январдан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылды. Бул Орусияда тиешелүү уруксат документтери - убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү.


5-февралда Орусияда жаңы укуктук режимди киргизген мыйзам күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) бул мыйзам Орусиядагы кыргыз жарандарына да тиешелүү экенин эскертип, бул өлкөдө жүргөн мекендештерди тиешелүү органдарга тез арада кайрылууга жана өздөрүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга чакырган.


Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны миграцияда жүрөт.


Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган. (BTo)