Израил министри ЦАХАЛга Газанын тургундарын чыгарып кетүү планын даярдоону тапшырды
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац армиясына Газа тилкесинин тургундарын чыгарып кетүүгө даярдык көрүүнү тапшырды. Анын билдирүүсүндө айтылгандай, планга ылайык, Газанын жашоочуларын жердеги өткөрмө пункттар аркылуу чыгаруу, ошондой эле деңиз жана аба жолдору аркылуу да алып кетүү боюнча "өзгөчө макулдашуулар" караштырылат.
Кацтын айтымында, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму Газанын жашоочуларын тирүү калкан катары колдонуп, барымтада кармап, акча талап кылып, гуманитардык жардамды пайдаланып, анклавдан чыгуусуна тоскоолдук кылып жатат.
"Газа тургундарына эркин чыгып кетүүгө жана эмиграциялоого мүмкүнчүлүк берилиши керек", – деди Кац.
Министр ошондой эле Испания, Ирландия жана Норвегия сыяктуу бир катар өлкөлөр Израилдин Газа секторундагы аракеттерине байланыштуу "жалган дооматтарды" артканын белгилеп, алар “мыйзам боюнча Газанын жашоочуларын кабыл алууга милдеттүү” экенин айтты.
Министр эгер алар муну аткарбаса, "алардын эки жүздүүлүгү ашкереленет" деп кошумчалады.
4-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Газанын тургундарын башка жерге көчүрүүнү сунуштап, АКШ тилкени өз карамагына аларын, кайра куруп, гүлдөтөрүн айтты. Бир катар мамлекеттер Газа тургундарын башка жакка көчүрүү планына каршы чыгышты. Алтургай АКШ менен өнөктөш мамиледе болуп келген Египет, Иордания жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөр газалыктардын аларга көчүрүлүшүнө каршы чыгышты.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми "палестиндердин келечегин өз жеринде камсыздоо зарыл экенин" белгилесе, анын германиялык кызматташы Анналена Бербок Газа тилкеси "палестиндерге караштуу" экенин айтты. Франциянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кристоф Лемуан палестиндерди көчүрүү демилгесин "эл аралык укукту олуттуу бузуу" катары мүнөздөдү.