ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Марко Рубио "Чоң жыйырманын" Түштүк Африкадагы саммитине катышпайт

0
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Түштүк Африка Республикасында 20-21-февраль күндөрү өтө турган "Чоң жыйырманын" саммитине катышпайт.


Бул күндөрү ал жакка экономикасы кубаттуу мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чогулмак.


X социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө Рубио Түштүк Африка Республикасынын бийлигин "жаман иштерге барганы" үчүн күнөөлөдү. Мисал катары ал бийликтин жарандардын жерин күч менен тартып алышын мисал келтирди. Ошондой эле Рубио жыйын "тилектештик, теңдик жана туруктуу өнүгүү" деген ураандын алдында өтөрүнө көңүл бурган.


Мамкатчынын эсебинде муну менен ал жакта "ар түрдүүлүк, теңдик жана инклюзивдүүлүк" маселелер жана климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөш демилгелери көтөрүлүшү мүмкүн.


"Менин ишим — салык төлөөчүлөрдүн акчасын коротуп, антиамериканизмге убакыт бөлүү эмес. Американын улуттук кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу", - деп жазды Рубио.


АКШнын президенти Дональд Трамп буга чейин "ар түрдүүлүк, теңдик жана инклюзивдүүлүк" боюнча программаларды дискриминациялык деп атап, аларды Американын федералдык органдарында токтотууга чакырган.




Андан тышкары Трамп жана анын жакын тарапташы, ишкер Илон Маск Түштүк Африка Республикасынын бийлигин кайсы бир жарандардын тобунун жерлерин тартып алууга шарт түзгөн мыйзам кабыл алганы үчүн күнөөлөшкөн.


Кеп бул өлкөдө ресурстардын көбүнө ээлик кылган расадагы дыйкандардын жерлерин алуу боюнча жакында кабыл алынган мыйзам тууралуу болууда.


Түштүк Африка Республикасынын бийлиги мындай кадамга ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында барганын жүйө келтирүүдө. Трамп алтургай Америкалык жардамды токтотуп саларын эскерткен.


2008-жылдагы экономикалык кризистен кийин глобалдык экономика маселелерин талкуулоо аянтчасы катары түзүлгөн "Чоң жыйырмага" учурда Түштүк Африка Республикасы төрагалык кылууда. Ушул эле жылы ал жакта "Чоң жыйырманын" лидерлеринин саммити өтөрү күтүлүүдө.